Дэвид Гудолл өз каалоосу менен көз жумду

Дэвид Гудолл өз каалоосу менен көз жумду
11-Май 2018, Жума, 14:10

104 жаштагы илимпоз Дэвид Гудолл Швейцариядагы клиникада көз жумду. Окумуштуу кандайдыр бир дарттан эмес, жашоонун сапаты бузулганынан улам өлүмдү тандаган. Бул үчүн австралиялык эколог эвтаназия мыйзамдуу болгон Швейцарияга барган.

Өлүм алдында жаткан окумуштуу журналисттердин кызыгуусуна таң калган. Аларга берген маегинде “Эми жашоомду уланткым келбейт. Менин жашымда же андан да жаштар туура убакыт келгенде өлүмдү өзү тандаганга укугу болушу керек”,-деди.

Дэвид Гудолл Басел шаарында клиникалардын биринде көз жумган. Ал акыркы ирет сүйгөн тамагы балык жана куурулган картошка жеген. Ошондой эле акыркы мүнөттөрүндө Бетховендин 9-симфониясын укканы баса белгиленди.

Академик жаназасы өтүшүн каалаган эмес. Денесин медициналык факультетке тапшырууну же өрттөп күлүн чачып жиберүүнү суранган.

Экология жана өсүмдүктөр боюнча адис Дэвид Гудолл Австралияда чакан батиринде жалгыз жашаган. 1979-жылы пенсияга чыгып, адистиги боюнча эмгектерин уланткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!