АКШдан Иранга санкция: Тизмеде армия бар

АКШдан Иранга санкция: Тизмеде армия бар
11-Май 2018, Жума, 16:30

АКШ Иран революциялык гвардиясына байланыштары бар деген негизде алты адамды жана үч мекемени санкциялардын тизмесине киргизди.

АКШнын Казына министри Стивен Мнучин санкциялардын бутасына Иран революциялык гвардиясына миллиондогон долларларды которгон, зыянга учураткан ишмердиктерди камсыздаган адамдар алынганын айтты.

Санкция боюнча чечимди аталган министрлик жана Бириккен араб эмирликтери (БАЭ) биргеликте чыгарды.

Чектөөгө кабылгандардын аты-жөнү жарыялана элек, бирок бары Иран жарандары экени белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!