БУУ: “Душмандык аракеттерди токтоткула”

БУУ: “Душмандык аракеттерди токтоткула”
11-Май 2018, Жума, 18:51

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антонио Гутерештин кеңсесинен жарыяланган жазуу жүзүндөгү билдирүсүндө Иран жана Израилге “Душмандашкан аракеттерди дароо токтоткула” деген чакырык жасалган.

Бул АКШнын Өзөктүк макулдашуудан артка кайткандан кийин Израиль жана Ирандын ортосундагы чыңалууга байланыштуу болду.

Анда Гутереш бардык душмандык аракеттерди дароо токтотуу, аймакта кутумчул аракеттерден качуу керектиги айтылган. Башкы катчынын билдирүүсүндө БУУ аймакта чыңалууну төмөндөтүү, Ортоңку Чыгышта туруктуулукту орнотуу аракеттерин улантып жатканы белгиленген. Сириядагы жаңжалды саясий чечим менен аяктатуу керектиги баса белгилеген Баш катчы БУУнун Коопсуздук кеңешине теманы колго алууга, жоопкерчиликтерин ордуна келтирүүгө чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!