Дональд Туск сегиз саат суралды

 Дональд Туск  сегиз саат суралды
21-Апр. 2017, Жума

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Польшанын экс-президенти Лех Качинскийдин өмүрүн алган учак кырсыгы боюнча сурак берди.

Прокуратуранын 8 сааттык сурагынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген төрага сурак боюнча маалымат бере албай тургандыгын, доо толугу менен саясий экендигин билдирди.

Польшада Укук жана адилет партиясынын лидери, экс-президент Лех Качиньскийдин эгиз бир тууганы Ярослав Качиньский кырсык болгон учурда Дональд Туск өкмөттү башкарып турганын айткан. Ошодой эле ал бир тууганын өлүмүнө ошол кездеги премьер-министр баштаган өкмөттү жооптуу деп эсептерин билдирген. Кырсык боюнча тергөө иштеринде Дональд Тусктун аты көп кездешерин жана президенттин коопсуздугуна жакшы көңүл бөлүнбөгөнүн кошумчалаган.


Польшанын Коргоо министри Антони Мацеревич өткөн жылдын февраль айында 2010-жылдагы учак кырсыгы боюнча иликтөө иштери кайрадан башталарын айткан.

Эскерте кетсек, экс-президент Лех Качинский бара жаткан Туполев -154 тибиндеги учак 2010-жылдын 10-апрелинде Россиянын Смоленск аэропортуна конуп бара жатып токойго кыйраган. Кырсыктан 95 адам көз жумган. Польшалык жетекчилер кырсыкка коюу туман жана польшалык учкучтар менен Россиянын аба транспортун көзөмөлчүлөрү себеп болгонун билдиришкен. Россиянын учактын сыныктарын кайтарып бербегени эки өлкө ортосунда мамилелердин чыңалуусуна жол ачкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!