Путин манжасын оорутуп алды

Путин манжасын оорутуп алды
15-Фев. 2019, Жума, 16:55

Россиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Тайип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен Сирия боюнча саммит өткөргөн соң Сочиде дзюдого барды.

Саммиттен кийин лидерлер Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун катышуусундагы сый тамакта жолугушту. Тайип Эрдоганды аэропортко чейин узаткан Путин андан соң шаардагы “Юг спорт” залына барды.

Россиялык дзюдочулар менен маектешкен Путин дзюдо кийимин кийип, машыгууларына катышты.

Путин бул жакта 2016-жылда дзюдо боюнча чемпион Беслан Мудранов менен кармашып жатып оң колунун манжасын оорутуп алды. Ооруган колун таңдыргандан кийин кармашын улантты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!