Калифорнияда өлүм жазасынa тартылбайт

Калифорнияда өлүм жазасынa тартылбайт
14-Март 2019, Бейшемби, 11:19

АКШын Калифорния штатынын губернатору Кевин Нюсом штатта өлүм жазасын сынга алган буйрукка кол койду.

Ага ылайык өлүм жазасына өкүм кылынган 757 адам жазага тартылбайт. Өзгөчө уулуу ийне менен өкүмдү аткаруу толугу менен токтотулгандыктан бул иштер жүргүзүлчү Сан Квентин штаттык ооруканасындагы атайын бөлүм жабылды.

Мыйзамга оңдоо киргизүү менен өлүм жазасына тартылгандар акталбай турганын, жазасы өзгөрбөй турганын айткан губернатор маалымат жыйынында “Өлүм жазасы акыл эси ордуна болбогон, өңүнө карата жана адвокатка кеткен чыгымды төлөй албагандарга карата бөлүнүчүлүкө жол ачууда. Коомчулуктун коопсуздугуна пайдасы жок”,-деген Нюсом өлкө боюнча 56 жылдан бери өлүм жазасына өкүм кылынган 164 адам күнөөсүз экени аныкталганын эске салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!