Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат

Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
25-Апр. 2019, Бейшемби, 17:39

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын жана Россиянын лидери Владимир Путин Владивосток шаарында тарыхый саммитте жолугушту.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Путин Россия менен Түндүк Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өнүгөөрүнө ишенерин айтты. Ошондой эле Корея жарым аралындагы келишпестиктерди чечүүнү камсыз кыларын белгиледи.

Ким Чен Ын менен алгач ирет бетме бет жолуккан Путин айрыкча Пхеньяндын Вашингтон менен мамилесин жакшыртуу аракеттерин колдоорун белгиледи.

Россияга брондолгон поезд менен келген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын самитте Корея жарым аралындагы көйгөйлөрдүн чечилишин камсыз кылуу эки өлкөнүн координациялуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтты.

Күн боюу уланган жыйында Пхеньяндын өзөктүк ишмердиктери жана өлкөгө багытталган санкциялар күн тартибине каралды.

Адистердин айтымында Россиянын аймакта маанилүү оюнчу болгонун көрсөтүүнү көздөгөн самитте санкцияларга байланыштуу конкретүү жыйынтык чыкпайт.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2018-жылы тарыхый самитте АКШны президенти Дональд Трамп менен жолугушуп, экономикалык санкцияладын аяктатуу үчүн маанилүү кадам таштаган. Бирок февраль айында кайталанган сүйлөшүлөрдөн жыйынтык чыкпагандыктан эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр токтогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!