​Сүрөт рекорддук баага сатылды

​Сүрөт рекорддук баага сатылды
15-Май 2019, Шаршемби, 15:28

Белгилүү сүрөтчүнүн картинасы 110,7 млн. долларга сатылды. Бул тууралуу АКШнын жергиликтүү басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, Франциялык импрессионист Клод Моненин “Үймөк чөп” сериясындагы “Стога” аталышындагы чыгармасы Нью-Йоркто өткөн Sotheby's аукционунда рекорддук баага сатылган.

Буга чейин бул художниктин ушул эле сериядагы дагы бир чыгармасы 2016-жылы 81,4млн. долларга сатылган.

Эскерте кетсек, импрессионист Клод Моне 1890-1891-жылдары “Үймөк чөп” сериясында бир эле корунушту ар кандай мезгилде аркандай сатта чагылдырып жалпы 25 чыгарма жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР