Украинанын президенти ант берип, кызматына киришти

Украинанын президенти ант берип, кызматына киришти
21-Май 2019, Шейшемби, 12:29

Украинанын 41-жаштагы жаңы президенти Владимир Зеленский ант берип, кызматына киришти. Анын алгачкы иши парламентти жоюп, кезексиз шайлоо жарыялаганы болду.

Украинанын паламентинде экс-президент Петро Порошенкону колдогон саясатчылар басымдуу.

Жаңы өлкө башчы депутаттарга кайрылып, эки айдан кийин өтө турган шайлоого чейин кол тийбестикти жойгон, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз жолдор менен байлык күтүүсүнө тыю салган мыйзамдарды парламенттен өткөрүүгө чакырды.

"Бул үчүн эки ай убакыт бар. Аткарып, медалдарга ээ болгула”,-деген президент парламенттен чыгып кетти.

Владимир Зеленский шайланса Чыгыш Украинада 5 жылдан бери уланып жаткан Россия менен болгон жаңжалдара ок атышууну токтотуу алгачкы иши болорун айткан. Ошондой эле Россия менен сүйлөшүү алынган жерлер кайтарылгандан кийин ишке ашарын кошумчалаган.

Өлкөдө президенттик шайлоодо экс-президент Петро Порошенко менен жарышкан Зеленский добуштардын 73 пайызын алып, өлкө башына келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты