Космостук түзүм Тынч океанга түшөт

Космостук түзүм Тынч океанга түшөт
4-Июнь 2019, Шейшемби, 12:33

Космоско жүк жеткирген «Прогресс» кемеси бүгүн Тынч океанга түшөт. Кеме Эл аралык космос станциясына ноябрь айында 2,5 тонна жүк жеткирген. Орбитада жарым жыл жүрдү. Аны бүгүн, 4-июнда Москва убактысы боюнча саат 11.40та кое беришет. Болжол менен үч сааттан кийин атмосферанын калың катмарына кийип, айрым бөлүктөрү күйүп кетет. Калган калдыктары Тынч океанга түшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!