Иш-чарага чакырылбаган Путин: Ансыз да ишим көп

Иш-чарага чакырылбаган Путин: Ансыз да ишим көп
7-Июнь 2019, Жума, 12:03

Бир топ дүйнө лидерлери катышкан Франциянын жээгиндеги Нормандияда “Нептун” операциясынын 75 жылдыгына байланыштуу иш-чарага Владимир Путин чакырылган жок. Россиянын лидери 5 жыл мурда буга байланыштуу эскерүүгө чакыруу алган эле.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөн лидер бул өзү үчүн чоң маселе эместигин, иши ансыз да көп экенин айтты. "Эмнеге бардык иш-чарага чакырылмак элек. Биз бардык иш-чараларга, барын эле чакырып жатабызбы”,-деди.

Бул билдирүүдөн мурда Россиянын Тышкы иштер министрлиги Нормандиядагы операциялар Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгына негизинен таасирин тийгизбегенин айткан.

25 миллиондон ашык жаранын жоготкон Россия “Улуу Ата Мекендик согуш” деп атап, жыл сайын аскердик жүрүштөрдү уюштуруп эскерип келет.

АКШнын президенти Дональд Трамп, Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Франциянын президенти Эммануэль Макрон катышкан бул жылкы иш-чарада «Нептун» операциясында курман болгон аскерлер, жөнөкөй жарандар эскерилди.

1944-жылы 6-июнда Англиянын түштүгүндөгү Портсмут шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн «Нептун» операциясы болгон. Бул күнү АКШ, Британия, Канада баштаган бир катар өлкөлөр фашисттер көзөмөлгө алган Франциянын Нормандия аймагына өз күчтөрүн жайгаштырган.

АКШ, Британия жана Канаданын кеме менен келген 135 миңдей аскерлери Нормандиянын жээгине Европаны нацисттик Германиядан бошотуу максатында түшүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!
Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
 Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды