Дарыгер 17 ымыркайды өлтүрүүгө шектелип жатат

Дарыгер 17 ымыркайды өлтүрүүгө шектелип жатат
12-Июнь 2019, Шаршемби, 16:37

Англиядагы ооруканада ымыркайлар бөлүмүндө иштеген медицина кызматкери 17 наристени өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы Люси Летби аттуу кызматкер Честер шаарындагы оорукананын ымыркайлар бөлүмүндө акыркы 8 жылдан бери иштеп келген. Бул окуя резонанстуу болгондуктан учурда бул анын чоо-жайы жашырылууда. Бирок кылмышка шектүүнү полиция 10-июнда камакка алды.

“2018-жылы Летби 2018-жылы 8 ымыркайды өлтүрүүгө шектелип кармалган. Кийин ал белгисиз себептерден улам коё берилген. Ал эми жумушунан башка кызматка которулган. Арадан көп өтпөй медицина кызматкери бир нече ымыркайларды өлтүрүү аракеттерин кылганы аныкталган. 10-июнь күнү Люси камакка алынып, ал 17 ымыркайды өлтүрүп, 16 ымыркайдын ден соолугуна залал тийгизгени аныкталган. 2015-2016-жыл аралыктарында аталган ооруканада ымыркайлардын чарчап калган учурлары көп болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, ымыркайларды өлтүрүп жүргөн кызматкер бул ооруканага 2011-жылы жумушка орношкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!