Камбоджанын борборунда бардык шарттар каралган «Прей Сар» абагынын бир имаратынын курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу Phnom Penh Post сайты жазган.
Жаңы имаратта кенен камералар жайгашкан. Ал жактарга жазасын жакшы шартта өтөөнү каалагандар акча төлөп жашашат.
Камбоджада абактар толгон. Орун болбогондуктан ичиндегилер жерге жатышат. Ошондой эле соттолгондор менен иши тергелип жаткандар бир жайда кармалат.