Балыкчы байкабай балык жутуп өлдү

Балыкчы байкабай балык жутуп өлдү
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 12:00

Филиппиндин тургуну балык уулап жатып, тирүү балыкты жутуп алган. Ага аба жетпей көз жумду. Бул тууралуу rosbalt.ru сайты жазды.

Маалыматка караганда 49 жаштагы Роджер Марселино үйүнө жакынкы жерде балык уулап жаткан. Ал тирүү жутуп жиберген тилапия аттуу балык тамагына тыгылган. Аялына жардам сурап, үйүнө чуркаганы менен, экөөлөп чыгара алышкан эмес. Куткаруучуларды дароо чакырганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, ооруканага жеткиришкен. Бирок ал жакта көз жумган.

Жубайынын айтымында Роджер анча чоң эмес балык кармап, аны качырбаш үчүн оозуна сала калган. Анын божомолунда балык тамагына сойлоп кеткенде, байкабай жутуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР