Жаза өтөп жаткан 14 адам уулануудан көз жумду

Жаза өтөп жаткан 14 адам уулануудан көз жумду
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 12:47

Тажикстанда абакта жазасын өтөп жаткан 14 адам көз жумганы белгилүү болду.

Жаза өтөөчү жайлардын жетекчилигинин билдирүүсүнө ылайык 7-июлда өлкөнүн түндүгүндөгү Согд vаймагында жайгашкан 3 абактан борбор Душанбеге жакынкы башка жаза өтөөчү жайларга 128 киши унаалар менен жеткирилген.

Ал учурда араларынан бирөө 3 даана нанды 16 киши менен бөлүшкөн. Аны жегендер жарым сааттан кийин башы ооруп, кусуп башташкан. Салып бара жаткан автобус абака жеткенче 20-42 жаш аралыгындагы 14ү көз жумган. Экөөнү сактап калууга жетишкен.

Окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР