Окумуштуулар триллион дарак отургузууну сунуштады

Окумуштуулар триллион дарак отургузууну сунуштады
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:06

Швейцариялык окумуштуулар жаңы дарактарды отургузуу глобалдык ысык менен күрөшүүнү эң арзан жана натыйжалуу жолу экенин айтышты. Алардын оюу боюнча бак-дарактардын саны триллион же андан да көп болушу керек. Бул үчүн 9 миллион чарчы чакырым же АКШнын территориясына теңдеш жер керек.

“Бул климаттын өзгөрүүсүн чечүүчү эң арзан ыкма”,-деди изилдөөлөрдүн авторлорунун бири, Цюрихтеги Швейцариянын федералдык технология институтунун экологу Томас Краутер.

Science журналындагы макалага караганда планетада шаарлардын жана айыл чарба жерлеринде бул үчүн орундар табылат деп эсептешет.

Окумуштуулардын эсеби боюнча келерки он жылда жаңы отургузулган дарактар 750 миллиард тонна көмүр кычкыл газын сорот. Бул акыркы 25 жылда атмосфераны булгаган газдын өлчөмүнө барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР