2019-жылдын июлу эң ысык ай болуп катталды

2019-жылдын июлу эң ысык ай болуп катталды
6-Авг. 2019, Шейшемби, 17:39

Европа биримдигинин (ЕБ) Климаттагы өзгөрүүлөргө байкоо салган Copernicus кызматы глобалдык ысыктын өлчөмүнө байланышкан билдирүү жасады. Анда үстүбүздөгү жылдын июль айында глобалдык ысык орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору болгону белгиленди.

Башкача айтканда 2019-жылдын июль айы эң ысык ай катары жазылды.

Европада өткөн айда мезгилдик нормалардан өтө жогору ысык болгон. Германия, Франция, Голландия жана Бельгиянын көпчүлүк шаарларында аптап +40 градуска жетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!