Айда талкаланган космос түзүмүнөн суу аюлары чачылды

Айда талкаланган космос түзүмүнөн суу аюлары чачылды
9-Авг. 2019, Жума, 14:13
Англияда жарыяланган “The Guardian” гезитинин илимий редактору Ян Сэмпл Израилдин Айда талкаланган Beresheet космос түзүмүнүн ичинде миңдеген суу аюлары бар экенин жазды.

Андан улам дүйнөдөгү эң чыдамкай жаныбар делген суу аюлары космос шартында жашай алары болжолдонууда.

Сэмпл бул кабарды “Айда жашоо ыктымалдыгы көбөйдү. Бирок бул жандыктар космостогу эмес, космос түзүмүнөн Айга чачылган жаныбарлар”,-деген.

Суу аюларын “Beresheet” түзүмүнө АКШдагы “Arch Mission” фонду жүктөгөн. Уюмдун максаты Жер жашоого мүмкүн болбой калган абалга келгенде жашоого жарай турган башка планета табуу болуп саналат.

Суу аюсу 520 миллион 100 миллион жылдан бери жашап келе жатат. 150 градус ысыка

-272 градус суукка чыдамдуу суу аюлары диназоврлар жашаган, алар жок болгон мезгилде да Жер жүзүндө кала берген.

“The Guardian” басылмасына маек берген Эдинбург университетинин астробиологу Филипп Рееки суу аюларынын Айда аман калганы таң калычтуу эмес экенин айтты. "Айда жашоого эң негизги тоскоолдуктар абанын жоктугу жана радиациянын көптүгү. Бирок суу аюлары бул эки шартта тең жашап кете алат”,-деди.

Познан университетинен дагы бир окумуштуу Луказ Казмарек суу аюлар Айда аман калганы менен көбөйбөй турганын айтты. Алар катаал шарттардан денесин коргоо үчүн кыймылсыз жатарын, кыймылга келүү үчүн сууга муктаж экенин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
Алмазбек Атамбаев камакта калды
Алмазбек Атамбаев камакта калды