Бороондун кесепетинен 5 адам каза тапты

Бороондун кесепетинен 5 адам каза тапты
3-Сен. 2019, Шейшемби, 16:25

Багамадагы “Дориан” бороону 5 адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу Багама аралдарынын премьер-министри Губерта Миннис 2-сентябрь күнү дүйшөмбүдө “The New York Times” газетасына берген маалыматында билдирди.

Бороон 1-сентябрда архипелагдын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Абако аралынын жээгинде башталган.

Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы Багамада 13 миңдей үйдүн кыйраганын кабарлады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР