Пил менен кериктин кармашы (видео)

Пил менен кериктин кармашы (видео)
4-Сен. 2019, Шаршемби, 12:15

Түштүк Африканын улуттук Крюгер паркында керик менен пилдин урушу видеого түшүп калган. Айбанаттардын кармашы 3-сентябрда аталган коруктун YouTube каналына жарыяланды.

Видеодон керик баласы менен көлчүктүн жанында турганын, аларга пилдин жакындап келе жатканын көрүүгө болот. Эне керикке чакырылбаган коноктун аны көздөй келе жатышы ачуусун келтирди өңдөнөт, дароо чабуулга өткөнү байкалат.

Кериктин баласы бир убакта эки чоң жандыктын ортосуна кулап, бирок дароо ордунан туруп коопсуз жакка качууга үлгүрдү. Уруштан соң пил аларды айланчыктап жүргөнү менен акыры керик баласы менен пилден алыстап кеткенге жетишти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР