Индия космос кемесин Айга конордо жоготуп алды

Индия космос кемесин Айга конордо жоготуп алды
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 13:00

Индия космос кемесин Айга конор алдында секунд ичинде жоготуп алды. Бул тууралуу “Science” сайты өлкөнүн космосу иликтөө уюмунун изилдөөчүлөрүнүн маалыматына таянып жазды. Азырынча кыйроо же башка себептер аныктала элек. Космос кемеси боюнча өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модиге билдирилди.

Индиялык эксперттер корабль траекториясынан адашып, ылдамдыгын көзөмөлдөй албай калганын болжолдошууда. Алар маалыматты анализдеп, жоголуу себептерин аныктоого киришти.

Белгилей кетсек, өлкөнүн космос боюнча аракеттери ийгиликтүү ишке ашканда Индия АКШ, Советтер союзу жана Кытайдан кийинки Айга конгон төртүнчү өлкө болмок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР