Миллион долларлык үйлөр минуталар ичинде күлгө айланды

Миллион долларлык үйлөр минуталар ичинде күлгө айланды
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 15:51

Лондондун түштүк батышында жайгашкан Вустер паркында түндө өрт чыккан. Аймакта башаламандыкка жол ачкан тилсиз жоону чектөөгө 125 өрт өчүрүүчү тартылды.

Жалын парктын айланасына тездик менен тарап, кымбат үйлөрдү күлгө айлантты.

Медицина, өрт өчүрүү кызматкерлеринин ыкчам иштеринен улам жабыркагандар болгон жок. Таңга маал чектөөгө алынган өрт боюнча иликтөө иштери башталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР