Зеленский депутаттарды кол тийбестигинен ажыратты

Зеленский депутаттарды кол тийбестигинен ажыратты
11-Сен. 2019, Шаршемби, 17:48

Украинанын президенти Владимир Зеленский депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул туурасында маалыматтар бүгүн, 11-сентябрда Жогорку раданын сайтында жарыяланды.

“Украинанын Конституциясынын 80-беренесине (депутаттарды кол тийбестигинен ажыратуу) өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору президеттин колу менен кайтып келди”, - деп жазылган билдирүүдө.

Рада Баш мыйзамдын белгиленген беренесин өзгөртүү сунушун 3-сентябрда кабыл алган. Мындай чечимди 373 парламентарий колдогон.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!