Европа инвестициялык банкы Түркияга насыяларды токтотту

Европа инвестициялык банкы Түркияга насыяларды токтотту
23-Окт. 2019, Шаршемби, 12:13

Германиядагы “Frankfurter Allgemeine Zeitung” (FAZ) басылмасы Европа инвестициялык банкы ЕИБ) Түркия менен пландалган жаңы насыяларды толугу менен кыскартканы тууралуу макала жазды. Анда жетекчилердин "Түрк саясаты өзгөрбөгөнгө нөлдү көздөй баратабыз”,-дегени бар.

Макалада Европа ивестициялык банкы бул жылы Түркияга байланыштуу насыялар боюнча эч бир оңдуу чечим чыгарылбаганы, болгону май айында буга чейин уруксат берилген 67 миллион евролук канализация долбооруна кол коюлганы жазылган.

Ошондой эле кабарда ЕИБ нормалдуу шарттарда Түркияга түрдүү долбоорлорго жылда орточо 1,5 миллиард евро насыя берилип келгенин, ал тургай 2016-жылы бул көрсөткүч 2,2 миллиард еврого жеткенин, бул жылы болгону 100 миллион евродон аз насыя күтүлүп жатканы баса белгиленген.

ЕИВ негизинен 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал учурундагы кысымчыл саясатынан улам Түркияга насыяны азайтканы жазылган. Түркияга 2017-жылы 500 миллион евро, 2018-жылы 390 миллионго жакын евро насыя берилгени белгиленген.

Европадан экономикалык санкция талаптары

Европа мамлекеттеринде Сириянын түндүгүндөгү операциялардан улам Түркияга карата экономикалык санкцияларды киргизүү тууралуу талаптар бар. FAZдын кабарында Голландия парламенти өкмөттөн Европа биримдигин Түркияга карата экономикалык санкцияларды киргизүүгө, эч бир насыя бербөөгө чакырган.

Германияда 2017-жылдагыдай Түркия менен иштешкен немис ишканаларына кепилдик катары берилген Hermes насыяларын токтотуу талкууланууда. Hermes насыялары Германия өкмөтү тарабынан өлкөдөн тышкары соода кылган Германиянын компанияларына кепилдик катары берилип келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты