Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”

Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
23-Окт. 2019, Шаршемби, 13:37

Сириянын президенти Башар Асад оппозициялык уюмдардын көзөмөлүндөгү Идлиб шаарында аскерлери менен жолугушту. Ал Түркия Сириянын түндүк чыгышындагы “Тынчтык булагы” операциясына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды “ууру” деди.

Дамаск бийлиги согуш учурунда жоготкон бардык аймактарды кайтарып аларын убада кылган Асад “Эрдоган ууру жана учурда биздин жерлерибизди уурдап жатат”,-деди.

Сирияда 8 жылдан бери уланган согушта Идлибди кайтарып алуу Асад бийлиги үчүн маанилүү. Ал бул боюнча айткандарында “Буга чейин жана азыр да айтып кеткендей Идлиб согушу Сириядагы террорчулук жана хаостун аяктоосу үчүн күрөштүн негизин түзөт”,-деди.

Асад бийлиги жана союздашы Россия 31-августа Идлибде ок атышууну токтотууну жарыялаган.

Түркия Идлибдин түндүгүн курчап турган оппозициялык топтордун колдоосу менен күрттөр көзөмөлдөгөн Сириянын түндүк чыгышына 9-октябрда “Тынчтык булагы” операциясын баштаган. АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун алкагында операцияга беш күндүк тыныгуу берилген. Ал ортодо ок атышууну токтотуу процессинин аяктарына аз калганда Россиянын Сочи шаарында Эрдоган менен Путин жолукту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз