Террордук уюмдардын лидерлеринин сөөгүн эмнеге деңизге ташталды?

Террордук уюмдардын лидерлеринин сөөгүн эмнеге деңизге ташталды?
30-Окт. 2019, Шаршемби, 15:56

АКШ аптанын аягында Идлибде өткөн операцияда өлтүрүлгөн террордук уюмдун лидери Абубакир аль-Багдадинин сөөгүнүн калдыктары деңизге чөктүрүлгөнүн билдирген. Америкалыктардын бул чечими "Аль-Каиданы" түзгөн Усама бен Ладендин өлүмүн эске салды.

2011-жылы акшлык жетекчилер бен Ладендин сөөгү деңизге салынганын айткан эле.

Дүйнөдөгү эки уюмдун лидерлеринин сөөгү эмнеге көмүлбөй деңизге ыргытылды?

Ошол кездердеги АКШнын президенти Барак Обаманын террорчулук менен күрөш боюнча кеңешчиси Жон Бреннан бен Ладендин сөөгү Исламдын жөрөлгөлөрү жасалгандан кийин деңизге салынганын айткан эле.

АКШ армиясынын генералы Марк Милли Багдадинин сөөгү эл аралык согуш мыйзамдарына ылайык жашырылганын билдирди.

Дин таануу боюнча адистер мусулмандын сөөгүн деңизге салуу Ислам динине туура келбей турганын айтып чыгышты. Кандай гана террордук уюмдун лидери болбосун жерге берилиши керектигин айтып, сынга алышкан.

Аль-Азхар университетинин мурдагы ректору Ахмед эт-Таййиб сөөктүн сууга ташталышы диний жана адамдык баалуулуктарга акарат экенин айткан.

“Террорчулардын сыйынуучу жайына айланбаш үчүн ушундай чечим чыгарылды”

Ак сарайдан келген билдирүүдө сөөк көмүлгөн жер террорчулардын сыйынуучу жайына айланары айтылган. Бирок бул билдирүү жеткиликсиз болду. “Аль-Каида” лидеринин сөөгү тууралуу бир да сүрөттүн жарыяланбаганы бир топ пикирлерди жаратты. Багдадинин сөөгү деңизге салынышы бул айтылгандарды кайрадан күн тартибине алып келди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Багдади жок кылынганын жарыя кылган. Анда ДНК тесттери аркылуу анын өлүмү тастыкталганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт