АКШ эки маанилүү кадамга барды

АКШ эки маанилүү кадамга барды
31-Окт. 2019, Бейшемби, 15:55

АКШда Өкүлдөр палатасы 1915-жылы Осмон империясында армян калкы геноцидге учураганын билдирди. Мындай символикалык резолюция АКШ жана Түркиянын мамилеси курчуп турган шартта кабыл алынган.

Биринчиси Түркиянын Сириянын түндүгүндө Тынчтык булагы операциясына байланыштуу санкция киргизүү чечими болду. Экинчиден армяндар боюнча көп жылдан бери иштелип, бирок ар бир жолу Америка мамлекеттеринин стратегиялык негиздери тоскоолдук кылган “Армян геноцид мыйзам долбоору” бул ирет тездик жана көпчүлүктүн добушу менен өттү.

Түркиянын Сирияга карата операциясынан улам даярдалган санкция боюнча мыйзамы талкууланып, ал да көпчүлүк добуш менен өттү. Бул абал Вашингтондогу Эрдоган жана Түркия аллергиясы канчалык чоң экенин көрсөттү. Бул чечимдер кандай мааниде? Эми эмне болот? Өкүлдөр палатасынын отуруму баштан аягына чейин Түркия тууралуу өттү. Алгач Калифорниянын Демократ партиясынан депутат Адам Шифф даярдаган геноцид мыйзамы талкууланды. Аны жазган Шифф узак жылдардан бери бул мыйзамдын үстүндө иштегенин айтып, көз жашына ээ боло албады. Трибунага чыккан конгресстин мүчөлөрү Түркиянын Сирияга карата операциясына каршы пикирлерин билдирди. Ошондой эле күрттөргө карата этникалык тазалоо коркунучу баса белгиленди. Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ненси Пелоси Армения геноцидинин таануу өткөндөрдөгү каталардын кайталанбашы үчүн маанилүү экенин белгилеп “Күрттөргө карата жасалып жаткандар азыркы учурдагы коркунучту эске салат”,-деди. Өкүлдөр палатасынан Стени Хоер мыйзам долбоор Түркияны бутага албаганын айтты. Хоер азыркы күндө Рохинжа мусулмандары жана уйгурлар сыяктуу бир топ коомчулук этникалык тазалоо саясатына кабылып жатканын айтты. “Мындай эч болбой турганын ачык айтуу керек”,-деген. Мыйзам долбоору 11 каршы жалпы 405 добуш менен кабыл алынган.

Бул чечим башка мамлекеттерде алына турган чечимдер үчүн мисал болушу мүмкүн. Анткени нормалдуу шарттарда эч бир темада макулдаша албаган бир топ мыйзам долбоору боюнча бир пикирге келе албаган Демократтар жана Республикачылар бул мыйзамга келгенде ынтымакташтыкта чечим чыгарышты. Мыйзам долбоору негизинен өткөн апрель айында сунушталган эле. Бирок Сирия операциясынан улам азыр көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн депутаттар баса белгилешти.

«Армян геноциди долбоору” Вашингтондо узак мезгилдерден бери уланып келе жаткан тема. Жыл сайын бул тема көтөрүлгөндө Америка мамлекети ортого түшүп, улуттук кызыкчылыктарды мисалга келтирип, мыйзам долбооруна тоскоолдук жаратчу. Бирок бул жылы Америка мамлекети үн катпады.

Ошол эле АКШнын Өкүлдөр палатасында Түркиянын Сириянын түндүгүндө Тынчтык булагы операциясына байланыштуу санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда Түркияга бир топ тармакта санкцияларды киргизүү, президент Режеп Тайип Эрдоган жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү изилдөө жагы каралган.

Өкүлдөр палатасында бекитилген мыйзам долбооруна 16сы каршы, 403 макул деген добуш берилген.

Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин жетекчиси Элиот Энгел жана Республикачыл мүчө Майк Маккаул 17-октябрда сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык айрым түркиялык жетекчилер санкциянын тизмесине киргизилип жатат. Ошондой эле Түркиянын армиясынын курал жана каржылык булактарына чектөөлөр каралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт