Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды

Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
22-Ноя. 2019, Жума, 16:03

20-ноябрда Нур-Султан шаардык соту чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган деп айыпталган Чымкент шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Чымкент шаардык саламаттык сактоо департаментинин маалыматына караганда, калаада бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар 2013-жылдан бери жасала баштаган. Андан бери мындай операция 106 адамга жасалган.

19-ноябрда казак ИИМи Абылай Донбай “Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу” жана “Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу” беренелери боюнча шектелип жатканын билдирген.

Быйыл октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда органдарды алмаштыруу боюнча операция жасатуусуна тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыккан.

Дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда адамдын органдары менен ткандарын сатууга тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу