Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет

Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
17-Янв. 2020, Жума, 08:28

Франциянын президенти Эмануэль Макрон “Charles De Gaulle” учак кемеси Ортоңку Чыгышка жиберилерин билдирди.

Өлкө башысы Жаңы жыл алдында Orleans шаарындагы аскерлерге арналган жыйында “Charles De Gaulle” учак кемеси апрель айына чейин Шамаль операциясына колдоо көрсөтүү максатында Ортоңку Чыгыш аймагында милдет өтөөрүн билдирди. Ошол эле мезгилде кеме Европа өлкөлөрү менен өткөрүлө турган аскердик иш-чараларда пайдаланыларын кошумчалады.

Парижде 2015-жылы 17-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган террордук кол салуудан кийин “Charles De Gaulle” учак кемеси Чыгыш Ак деңизге, ал эми өткөн жылы Түштүк Кытай деңизине жиберилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР