Өрт өчүрүүчү учак кыйрады

Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
23-Янв. 2020, Бейшемби, 08:46

Австралияда токой өртүн өчүрүүгө пайдаланылып жаткан C-130 Hercules үлгүсүндөгү учак кыйрады. Бортундагы АКШнын үч жараны набыт болду. Аба кемеси канадалык өрт өчүрүүчү Coulson Aviation компаниясынан ижарага алынган.

Жаңы Түштүк Уэльс штатынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Шейн Фицсиммонстун айтымында C-130 Hercules учагы менен байланыш жергиликтүү убакыт боюнча 23-январда, саат 14:00тө үзүлгөн. Авиакырсыктын себептери азырынча аныктала элек.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында башталган Австралияда токой өртү азыркыга чейин чектөөгө алына элек. Тилсиз жоо миллиондогон гектар аянттарды, эки миңден ашык турак жайларды күйгүзүп кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР