Унаанын ээси издөөгө алынды

9-Авг. 2017, Шаршемби

Франциянын борбору Париж шаарынынын Леваллуа-Перре аймагында өзгөчө кырдаалдын алкагында байкоочулук милдет аткарган аскерлердин тобун BMW үлгүсүндөгү унаа сүзгөн.

6 аскер жарат алган окуя жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дө болгон. Күбөлөрдүн айтымында 6 аскердин экөө оор жарат алган.

Полиция аскерлерди сүзгөн адам унаасы менен качканын кабарлаган.

Учурда бир канча адам полиция тарабынан изделип, окуянын террорчулукка байланышы бары жогу аныкталууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!