​Улуттук онкология борборунун ачылышы болот (фото)

11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:20

Бишкектеги Улуттук онкология борборунун капиталдык ремонту толугу менен үч күндөн кийин аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Эрнис Тилеков курулуштун жүрүшү менен таанышкан учурда маалымдаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма кызматы билдирет.

Улуттук онкология борборунун оңдоп-куруу иштери 95 пайыз аяктап калды. Мындан ары Онкология жана гематология борбору деп атала турган оорукананын алты негизги жана алты кошумча имараты инфраструктурасы менен кошо толугу бойдон оңдолду, балдар ооруканасынын жети кабат бөлүмүнүн курулушу башталды жана жаңы жабдыктар сатылып алынды. Мекеме 450 бейтапка эсептелген.

Курулушта жалпысынан 400дөй жумушчу иштеди. Борбордун курулушунун жүрүшү менен Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев күбө болду.

Эскерте кетсек, борборду капиталдык оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 30-июнунда, оорукананын бардык имараттарында тең бир маалда башталган эле. Борбордун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу оңдоо зарылчылыгы келип чыккан болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!