Жеңил унаанын кыймылдаткычы күйүп кетти

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:30

Чүй облусунун Кант шаарында жеңил унаанын кыймылдаткычы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрында саат 16:18 чамасында Ысык-Ата районунун Кант шаарында Ленин көчөсүнүн Волга 31-02 үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 05-90 АК автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык куроодо эреженин бузулушу болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!