​Кыргызстанда бруцеллез оорусу 4 пайызга азайган

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:03

Өлкө аймагында мурдагы жылдарга салыштырмалуу бруцеллез оорусу азайган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин алдындагы республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун башчысы Сабыржан Абдыкеримов Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

“Өлкөбүздө өтө жугуштуу жана кооптуу оорулардын катарында бруцеллез оорусу, күйдүргү, кутурма оорулары бар. 2011-жылдан тарта бруцеллез оорусу кескин азайганы байкалган. Акыркы жылдары бир калпта турат. Бул оору мал аркылуу элге жугат. Жылдагыга салыштырмалуу 4 пайызга азайды. Учурда көзөмөл иштери дыкат жүргүзүлүп жатат. Негизинен Ысык-Көл, Ош облусунун кээ бир райондорунда катталып жатат. Биз азыр аталган оорулар менен лабораториялык ыкма аркылуу күрөшүп жатабыз. Учурда 2 аппарат бар. Аны менен талаага чыккан учура деле пайдаланып жатабыз»,-деди Абдыкеримов.

Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн жетекчиси Сталбек Бердиев чуманы алдын алууда атайын айлана-чөйрөгө, элге зыяны тийбегендей дарыларды колдонуп жатышканын белгиледи.

«Чума очоктору бар болгон Алай, Чоң-Алай райондорунда ар жылы ошол жерде кыш мезгилинен тышкары 3 мезгилде тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүп келебиз. Быйыл Алайдын Гүлчө айылында чуманы алдын алуу иштерин жүргүздүк. Атайын абсолют дарысын пайдаланып, дарылоо иштерин жүргүзүп жаттык. Кийин мал жаныбарларга бит, бүргө, кенелердин таралышы боюнча мониторинг жүргүздүк. Жыйынтыгында алардын саны жок болуп чыкты. Аталган дары айлана-чөйрөгө, адамдарга терс таасири жок. Ал абдан таасирдүү болду» ,-деди Сталбек Бердиев.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-октябрда Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун түзүлгөнүнө 120 жылдыгы белгиленди. Ага Россия, Кыргызстандан өтө кооптуу ооруларды алдын алуу боюнча иш алып барган адистер, Саламаттыкты сактоо министринин өкүлдөрү, Улуттук Илимдер академиясынын окумуштуулары жана өлкөдөгү карантинге каршы бөлүмүнүн жетекчилери катышты. Алар Кыргызстанда жана дүйнөдө кездешип жаткан ооруларды алдын алуу үчүн маселелерди талкууга алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!