Кеңсесин чычкан каптаган президент үйүнөн иштейт

23-Авг. 2017, Шаршемби

Нигериянын президенти Мохаммаду Бухаринин кеңсесин чычкан каптагандыктан үч ай үйүнөн иштей турган болду. Саламаттыгына байланышту Англияда үч ай дарыланган өлкө башчысы өлкөснө жаңы эл кайткан. Бул тууралуу кабар “CNN” сайтына жарыяланды.

Өкмөттүн маалымат катчысы Гарба Шеху президент жок мезгилде кеңседеги эмеректерге, аба тазалоочу түзүмдөргө чычкандар зыян келтиргенин билдирди. “BBC” кызматы менен болгон маегинде ал үйүндө иштөөгө шарттар түзүлгөнүн кошумчалаган.

Нигерияга кайтканда президенттин саламаттыгы тууралуу маалымат берилген эмес. Андан улам айрымдар дарылоо узакка созулганын, өлкөнү башкара албай тургандыгын айтып, кызматтан кетүүсүн талап кылган. Өлкө башчысынын саламаттыгы тууралуу билдирүү таратылбаганына нааразылыгын билдиргендер да болгон.

2016-жылы кулак инфекциясына кабылган

Мохаммаду Бухари биринчи жолу 2016-жылы Лондонго дарыланууга келгенде кулагы инфекцияга кабылганы билдирилген. Оппозициядагы талапкерлер анын рак илдети менен ооруганын айтканы менен Бухари аны жокко чыгарды.

“BBC” кызматынын “Focus on Africa” программасына маек берген өкмөттүн маалымат катчысы Гарба Шеху президенттин саламаттыгына байланыштуу буларга токтолгон.

“Бухарин саламаттыгында тынчсыздана турган жагдай жок. Көрүп тургандай эле президент энергиялуу, ден-соолугу чың. Андан улам анын саламаттыгына байланыштуу айта турчу эч нерсе жок”,-деген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!