«Кыргыздын Улуу Курман Айт» мааракеси өтөт

30-Авг. 2017, Шаршемби

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата “Ас-Салам” гуманитардык фонду жана Эл аралык кыргыздар ассоциациясы 2-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында Курман айт майрамынын урматына «Кыргыздын Улуу Курман Айт» мааракесин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Эрлан Жыргалбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мааракеде кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлүп, мал союлуп, эт таратылмакчы.

«Майрамдын алкагында курмандыка мал союлат. Ал жергиликтүү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылмакчы. 20 жакын кыргыз улуттук оюну: көк-бөрү, аламан чабыш, тоо чабыш жана башка кыргыздын унутта калып бара жаткан оюндары ойнотулат. Ага ар бир кыргыз жараны катыша алышмакчы. Байгеге 85 баштык кыргыз ак боз-үйлөр, үй салууга 2 500 000 сом, төөлөр, жылкылар жана башка кызыктыруучу сыйлыктар коюлмакчы. Ошондой эле боз үйлөр тигилип, ал жакта иш-чарага катышкандар акысыз тамактана алышмакчы»,-деди Эрлан Жыргалбек уулу.

Иш-чара Адекс Интернейшнл компаниясы, Кыргызстан Мусулмандарынын дин
башкармалыгы, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиясы, Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү табанына уюштурулуп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!