Кыргызстан эгемендик майрамын белгилеп жатат

31-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамынын 26 жылдыгы белгиленүүдө. Майрамдык салтанатка утурлай Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында концерттик иш-чара болду.

Ага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана бийлик өкүлдөрү, бир катар өлкөлөрдүн элчилери, чет элдик коноктор жана шаар тургундары катышты.

Өз учурунда өлкө башчы :"Канчалаган мамлекеттер өз эгемендүүлүккө жете албай жок болду, канчасы дагы деле эгемендүүлүккө жете албай кор болуп жүрүшөт. Ата бабаларыбыз көз карандысыздык, эркиндик үчүн бийик ашууларды басты. Бир карыш жер үчүн баскынчылар менен кармашып каны төгүлдү. Кыргыз эли 26 жылда кылымга тете окуяларды сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, ал сыноолорду жеңген кыргыз элиме бүгүнкү куттуу трибунадан миң мертебе алкыш айтам, таазим этем, бар болгун айланайын кыргыз элим"-деди мамлекет башчысы.

Zaman.kg маалымат агенттиги кыргыз элин бүгүнкү эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайт. Өлкөбүздө тынчтык, гүлдөп өнүгүү болсун!


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!