Трамптын жанында бир киши калды

23-Авг. 2017, Шаршемби

Американын саясаты тездик менен өзгөрүүдө

Бул жуманы Шарлоттсвилл шаарындагы расизм боюнча зомбулуктарга байланыштуу маселелер менен баштаган Ак сарайда жетекчиликте бир топ өзгөрүүлөр болду. АКШнын президенти Дональд Трамп Виржиния штатынын Шарлоттсвилл шаарында болгон окуяларды мүнөздөгөн маалымат жыйын өткөргөн. Ошол кезде кыйынчылыктары тууралуу маалыматтар айтылып жаткан Ак үйдүн аппарат башчысы генерал Жон Келлинин кызматынан чегинип, чегинбей тургандыгы талкууда эле. Бирок кызматынан кетет деген кабар башка дарекке байланыштуу болуп чыкты.

Шарлоттсвилл шаарынан башталып, өлкөгө жайылган чыңалууга жооптуу альтернатив оңчул топтордун Ак сарайдагы союздашы, Трамптын шайлоо өнөктүгүнөн бери башкы стартегиячысы катары колунан чыгарбаган Стивен Бэннон кызматынан кетип жаткандыгын жарыялоого аргасыз болду.

ТРАМПТЫ АЧУУЛАНТТЫ

Акыры Дональд Трамптын Бэннонду кетирүү чечиминин артында Шарлоттсвилл окуясы менен Ак сарайдын ортосунда байланыш түзүүгө себеп болгону, “The American Prospect” аттуу журналга берген маеги таасир эткени белгиленүүдө. Бэннон репортажында Түндүк Корея менен өзөктүк кризисте “ал жакта аскердик чечим болбойт” деп айткан. Трамп ич ара сүйлөшүүлөрдү жашырганы үчүн Баннонго ачуусу келгени тууралуу аңгеме борбордо талкууга алынып жаткан.

ЭҢ КӨП СӨЗ БОЛГОНДОР

Дональд Трамптын ант берип, президенттик такка отурганы бир апта өткөндө 28-январда Овалдык залда кызматкерлери менен түшкөн сүрөт учурда социалдык медиада кеңири талкууга алынууда. Анда Трамп телефон менен сүйлөшүп жатат. Маңдайында бир нече аптадан кийин кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон Улуттук копсуздук боюнча кеңешчи Майкл Томас Флинн, сол тарапта вице-президент Майк Пенс отурат. Турган үч адамдын бирөө өткөн аптада кызматынан кеткен Ак үйдүн аппарат башчысы Райнс Прибус. Анын жанындагысы өткөн айда кызматынан кеткен Ак сарайдын маалымат катчысы Шон Спайсер. Ал эми үчүнчүсү Стивен Бэннон.

Дональд Трамп чоң идеялар менен чыккан президенттик кызматында жети ай ичинде ошол сүрөттөгү 5 адамдын төртөөнү жоготту.

МАЙК ПЕНС ОЮН УЮШТУРГУЧ

Вице-президент Майк Пенс оюн уюштуруп жатканы болжолдонууда. Өзгөчө тышкы саякаттарда Трамптын имиджин жакшыртууга аракетип жаткандай көрүнсө да көшөгө артында Пенстин Республикачыл элиталардын дагы түрткүсү менен президенттик такты үчүн шымаланып баштаганы айтылууда. Ак Сарай ичиндеги чырлардан оолак турган, татаал саясий темалар боюнча билдирүү берүүдөн баш тарткан Пенс адатта Трамп кызматтан кетүүгө аргасыз болгондо “мен мындамын” дегенге даярданып жаткандай.

КЫЗМАТТАН ЖАЗДА ЧЕГИНЕТ”

Американын саясатына мыкты анализ жүргүзгөн адистердин айтымында Дональд Трамп ката үстүнө ката кетирип, өзүнө кызматтан кетүүчү жол даярдап жатат. Трамп 1987-жылы жазган жана көп сатылган “The Art of The Deal” аталышындагы китебинин авторлошу, жазуучу Тони Шварц Дональд Трамптын башкаруусу аяктап жатканын айткандардын бири. “Прокурор Роберт Мюллер жана Конгресс АКШнын президентине тандоо калтырбайт. Трамптын президенттик башкаруусу аяктап бара жаткансыйт. Ага чейин болуп кетпесе да жазында кызматынан кетери анык!”,-деген.

“aktifhaber.com” сайтындагы макаладан которулду

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!