“Харви”: 2 миң адам селден куткарылды

29-Авг. 2017, Шейшемби

Техас штатынын түштүк чыгыш жээктеринде болгон Харви бороону, көп өлчөмдө жааган жамгырдан улам Хьюстон жана анын айланасындагы аймактарды сел каптады. 2 миңге жакын адам коопсуз жайга жеткирилди. Эки адамдын өмүрүн алган бороон бул аптанын аягына чейин уланары белгиленди.

АКШнын Улуттук Ураган борбору жана Улуттук метеорология департаменти 6,5 миллион калкы бар Хьюстон шаарын буга чейин мындай сел каптабаганын билдирди.

Шаардын чоң көчөлөрүн сууда калган. Ал эми эки ири аэропорт селден улам ишин токтотсо, мектептер 5-сентябрга чейин тараган. АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде кырсык болгон аймакка барары күтүлүүдө.

Техастын губернатору Греп Аббот жалпы штат боюнча 250 авто жол жабылгандыгын айтты. Ошондой эле жарманкелер өтүүчү жайларда адамдар убактылуу баш калкалап жатканын кошумчалады.

Хьюстон шаарынын мэри Сильвестер Турнер жергиликтүү элге жашоолоруна коркунуч жаралган учурда тез жардам кызматтарына телефон чалууну эскертти. “Бороон басылды деп жолго чыкпагыла. Хьюстон жана анын айланасында кайыгы барлар куткаруу иштерине жардам бергиле”,-деди ал.

Катуу шамал жана жамгыр куткаруу иштерине кыйынчылык жаратып жаткандыктан тик учактарды жиберүү талап кылынды. Аймакта миңдеген тургундар жарыксыз калса, “Exxon Mobil” ишканасы бороондон улам эң ири мунай иштетүүчү жайларын жапканын кабарлаган.

“Харви” АКШда 2004-жылдын август айында болгон Чарли ураганына берки эң күчтүү бурганак болду. Техас штатында 1961-жылы болгон Карла ураганы 34 адамдын өмүрүн алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!