НАТО: Жооп берилиши керек

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 18:03

НАТО суутек бомбасын сыноого байланыштуу чыңалууга себеп болгон Түндүк Кореяга байланыштуу билдирүү жасады.

Суутек бомбасын сыноо аракеттери глобалдык коркунуч жаратканын белгилеген НАТОнун билдирүүсүндө Түндүк Кореяга глобалдык жооп берилиши керектиги белгиленген.


Альянстын башкы катчысы Йенс Солтенберг Түндүк Кореяа карата киргизилген санкцияларды туура көрүп, экономикалык санкциялар уланышы керектигин айтты.

“Түндүк Кореянын мамилеси глобалдык коркунуч жаратууда. Ага глобалдык жооп керек”,-деди ал.


Эскерте кетсек, Түндүк Корея өткөн жекшембиде континенттер аралык баллистикалык ракетага жүктөлө турган суутек бомбасын сынаганы билдирилген.

Сеул бийлиги Пхеньяндын 2006-жылдан бери эң күчтүү 6-өзөктүк сыноосун өткөрүп жатканы менен айыптаган.

АКШнын Геологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн борбору аталган аракеттер күчү 6.3 баллга жеткен жер титирөө себеп болгонун аныктаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!