Ошто "Түштүк Expo-2017" көргөзмө-жарманкеси ачылды

12-Сен. 2017, Шейшемби, 14:02

Бүгүн, 12-сентябрдан баштап 15-сентябрга чейин Ош шаарында үштүк Expo-2017" көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, үч күн бою боло турган көргөзмө-жарманкеге Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Малайзия, Россия жана башка мамлекеттерден компаниялардын өкүлдөрү катышып, өз продукциясын элге тартуулайт.

Көргөзмө-жарманкеге тамак-аш продуктылары, кийим-кече сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү буюмдар коюлат. Иш-чарага келген кардарларга туризм, маалыматтык технологиялар, банктык тейлөө өңдүү кызматтар тууралуу маалымат берилип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!