Араб өлкөлөрү бөлүнүүнүн босогосунда

Араб өлкөлөрү бөлүнүүнүн босогосунда
12-Окт. 2017, Бейшемби, 12:50

Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Баш катчысы Ахмед Абу аль-Гейт араб дүйнөсүнүн трагедиясы террор коркунучу менен чектелүү эмес экендигин, бөлүнүү коркунучуна туш келгенин белгиледи.

Каирдеги Г. А. Насер атындагы Жогорку аскердик академиясынан келген делегацияны кабыл алып жатып сүйлөгөн сөзүндө Ахмед Абу аль-Гейт “Араб дүйнөсүндөгү трагедия өз ичиндеги же чек араларынан сырткаркы террордук уюмдар алып келген коркунуч менен чектелбейт. Мамлекеттер өзү бөлүнүүнүн босогосунда турат”,-деген. Ошондой эле баш катчы мындай пикирлер көбүнчө Сирия менен Иракка таандык экенин белгилеген.

“Орток Араб аскердик күчүн” түзүү долбоору абдан жакшы пикир. Бирок бул боюнча араб өлкөлөрүнүн ортосунда эрк байкалбайт. Мындай аскердик күчкө муктаждык жоктой сезилип жатат. Аскердик деңгээлде бул боюнча чечим чыгарылганда Араб лигасы долбоорго колдоо көрсөтүүгө даяр. Андай болсо жасала турган эң ылайыктуу кадам Сирия үчүн Араб байкоочу күчүн түзүү болуп саналат”,-деди Ахмед Абу аль-Гейт.

Белгилей кетсек, Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында 2015-жылдын март айында өьткөн Араб мамлекеттеринин саммитинде Орток араб аскердик күчүн түзүү боюнча макулдашылган. Бирок долбоор ишке ашпай келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!