Ысымыңды Марска жибергиң келеби?

Ысымыңды Марска жибергиң келеби?
12-Окт. 2017, Бейшемби, 13:54

Келерки жылы Марска жибериле турган “InSight” космос түзүмү өзү менен миңдеген адамдардын ысымы жазылган такталарды ала кетет. Кызыл планетага атын жиберүүнү каалагандар “NASA” агенттигине кайрылса болору кабарланууда.

2015-жылы “NASA” “InSight” космос түзүмү менен бирге дүйнөнүн ар тарабынан адамдардын ысымын кошо жиберүүнү каалагандарга кулактандырган. Андан бери агенттикке 827 миң адам кайрылган.

“InSight” космос түзүмү боюнча кызматтын башында турган Брюс Банердт Марс космосту сүйүүчүлөрдү сүйүндүрүп, бул мүмкүнчүлүк адамдарды кызыл планетанын ичин изилдей турган космос түзүмүнүн бир бөлүгү болууга шарт түзүп жатканын баса белгиледи.

“InSight” түзүмү 2018-жылдын май айында жолго чыгып, 2018-жылдын ноябрь айында кызыл планетага жетери күтүлүүдө.

Ал планетадагы жер титирөөлөрдү, метеорит жамгырларды жана таштуу катмарларды изилдейт.

“NASA” агенттигинин Марс миссиясына ысымын жиберүүнү каалагандар аталган агенттиктин сайтына үстүбүздзгү жылдын 1-ноябрына чейин кайрылса болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!