ОПЕКтин мунай өндүрүшү сентябрда көбөйдү

ОПЕКтин мунай өндүрүшү сентябрда көбөйдү
12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:54

“Мунай рыногу” булагынын билдирүүсүнө таянсак сентябрь айында глобалдык мунайга болгон талап мурдагы айга салыштрымалуу күнүнө 410 миңге көбөйүп, 96 миллион 500 миң баррель болгон.

Сентябрда Мунайды экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунан (ОПЕК) тышкаркы мамлекеттерде мунай өндүрүү күнүнө 310 миң баррелге көбөйүп, 57 миллион 57 миң 650 баррелге жогорулаган.

Аталган уюмдун чийки мунай өндүрүүсү сентябрь айында мурдагы айга салыштырмалуу күнүмдүк 88 миң баррелге көбөйүү менен 32 миллион 750 миң баррелге жогорулаган.

Ошентип ОПЕКтин сентябрь айында глобалдык мунай өндүрүүдөгү үлүшү 34 пайыздык деңгээлде болгон.

Өткөн айда уюмдун ичинде чийки мунай өндүрүү көбүнчө Ливия, Нигерия, Ирак жана Габондо жогоруласа, Венесуэлада төмөндөө байкалган.

Глобалдык талап өсөт

ОПЕКтин божомолуна караганда келерки жылы мунайга болгон глобалдык талап бул жылга караганда 1 миллион 400 миң баррелге жогорулап, күнүмдүк 98 миллион 190 миң баррелге жетет. Ошондой эле 2018-жылы чийки мунайга болгон суроосу бул жылга салыштырмалуу 300 миңге көбөйүп, 33 миллион 100 миң баррелге жетет.

Аталган уюмдан сырткаркы өлкөлөрдүн мунайга суроо 2018-жылы бул жылга караганда күнүмдүк 94 миң баррелге көбөйүү менен 58 миллион 640 миң баррелге чыгат.

Ал ортодо дүйнө жүзүндө сентябрь айында ишке берилген мунай бургулоочу мунаралардын саны 2 миң 160 болду. Алардын беш жүздөн ашыгы ОПЕКе мүчө мамлекеттерге курулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!