БУУ: Миллиардаган кыздар жогорку потенциалга ээ

БУУ: Миллиардаган кыздар жогорку потенциалга ээ
12-Окт. 2017, Бейшемби, 16:29

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө көптөгөн кыздар жашоосунун алгачкы 10 жылында мектепте окушат. Керектүү эмдөөлөрдү алып, азыктануу, саламаттыгы жагынан көйгөйү аз. Бирок экинчи он жылдыгында көп кыздарда перспектива абдан аз болорун БУУнун жаңылыктар борбору кабарлады.

Алардын көпчүлүгү орто же жогорку билим ала алышпайт. Айрым учурда эрте жашта турмуш курууга аргасыз болсо, пландалбаган кош бойлуулуктан сактануунун жолун билишпейт. Мындай пикирлерди БУУ Эл аралык кыздар күнүндө эске салды.

11-октябрда белгиленген Эл аралык кыздар күнүнүн максаты дүйнө жүзүндөгү кыздар бет келген көйгөйлөргө көңүл буруу болуп саналат.

Аталган уюм белгилегендей бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө миллиардан ашык кыздар жашайт. Алардын бардыгы кризистин зонасында турса да ири потенциалга ээ. Эл аралык коомчулуктун бирден-бир милдети аларга ошол мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана пайдаланууга жардам берүү болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!