Каталон өкмөтүнө 5 күн убакыт берилди

Каталон өкмөтүнө 5 күн убакыт берилди
12-Окт. 2017, Бейшемби, 17:43

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталон өкмөтүн эгемендик аракетинен баш тартуу үчүн беш күн мөөнөт берди. Бул убакытта борбордук өкмтө күткөн кадам жасалбаса аймактын саясий автономиялуулугун жокко чыгарат.

Ражойдун бул чечими Мадрид менен Каталония ортосундагы чыңалууну көбөйтүшү мүмкүн. Бирок ошол эле мезгилде Испанияда 1981-жылдагы ийгиликсиз аракетинен берки эң чоң саясий кризистен чыгууга жардамчы болушу күтүлөт.

Оппозициядагы Социалист партиянын лидери Педро Санчез эгерде Рахой автономиялуулукту жокко чыгарууну туура көргөн 155-беренени күчүнө киргизсе анда аны колдой тургандыгын айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!