Кытай лазер куралын чыгарды

Кытай лазер куралын чыгарды
13-Окт. 2017, Жума, 11:47

Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий маалымат каражаттарынын бири “Global Times” гезитиндеги кабарда өлкөнүн Космос илими жана өндүрүшү ишканасы 200 метр алыстыктагы бутага сокку урууга жөндөмдүү лазер куралын чыгарганы айтылат.

Кандайдыр бир үн жана жарык чыгарбаган лазердик куралдын баасы арзан экендиги белгиленген.

Коргоо өндүрүшүнүн бюджетин өткөн жылы 7,6 пайыз, бул жылы 7 пайызга көбөйткөн Кытай мамлекети акыркы жылдары жергиликтүү коргоо өндүрүшү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Анын алкагында жергиликтүү согуштук J-31 учагын, жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган жаңы 055 тибиндеги эскадралык мина алып жүрүүчүлөрүн, 99-A танктарын коргоо өнөр жайынын долбоорлоруна киргизди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!