Назарбаев Путин менен пиво ичкенин эстеди

10-Ноя. 2017, Жума, 12:29

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Челябинск анын жаштыгы менен байланыштуу экенин Россиянын президенти Владимир Путин менен бейшемби, 9-ноябрда жолугушканда айтты.

“Өз мезгилинде ал жактын бардык өндүрүштөрүндө болгом. Магнитогорский металлургиялык комбинатты Советтер союзунун эле эмес, бүткүл дүйнөнүн металлургиясынын флагманы болгон. Ал кезде 20 миллион тонна болот чыгарган дүйнөдө бир да завод болгон эмес”,-деген президент.

Ошондой эле казак лидери Челябинске сүйүнүү менен келерин билдирген.

“Дал ошол жерден биз жыл сайын аймактар аралык форум өткөрүүнү макулдашканыбызды эстен чыгарбоо керек. Кайсы бир көчөдөн пиво ичкенбиз”,-деди ал.

“Биз, казакстандыктар Россиянын бир топ аймактарын жакшы билбейбиз. Эмираты, Түркияны көрдүк. Ал эми бул жак абдан кызыктуу. Мисалы мен Ыраакы Чыгышта, Камчаткада болууну кыялданам. Бирок ишке ашпай келет”,-деди Назарбаев Казакстан жана Россиядагы туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатып.

Форумдун жыйынтыгында Каспийдин түндүк бөлүгү, “Туймазы-Омск-Новосибирск-2” жана “Омск-Павлодар” магистралдык мунай куурларынын статусун аныктоо боюнча өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлду.

Андан тышкары тараптар Россия комплексти ижарасынын эсебинен “Байконур” космодромунун кызматкерлерин, Байконыр шаарынын, Торетам жана Акай айылдарынын тургундарын медициналык тейлөөлөр менен камсыздоо келишими боюнча протоколго кол коюлду.

Эске сала кетсек, Челябинск шаарында Казакстан жана Россиянын аймактык кызматташтык XIV Форуму 9-ноябрда өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!