Үч өлкөнүн машыгуулары аяктайт

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:29

Үч мамлекеттин Тынч океандын батышындагы орток машыгуусу 14-ноябрда аяктайт. Иш-чара эл аралык сууларда координацияны жөнгө салуу, Түндүк Корея тараптан коркутууларды алдын алуу максатын көздөйт.

Корей жарым аралынын ар тарабында болуп жатат жана ага Түштүк Кореядан 7 кеме, АКШдан “USS Nimitz”, “USS Theodore Roosevelt”, “USS Ronald Reagan” аттуу үч учак кемеси, 11 согуштук кеме катыштырылды.

АКШнын Тынч океандагы Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы адмирал Гарри Харрис бул иш-чара эч кимге зыян бере турган негизде өткөрүлүп жатпаганын айтты.

“АКШ аскердик чоң муктаждык болсо биргеликте иш алып баргыдай жагдайда союздаштары менен биргеликте машыгуу өткөрүп жатат. 70 жылдан бери сиздер үчүн бул жактабыз. Келечекте 70 жыл бул жакта болобуз” деген ишенимди көрсөтүүнү каалайбыз”,-деген.

АКШнын учак кемелерин Түштүк Кореянын куралдары менен орток машыгуу өткөрп жатканы алгачкы көрүнүш. Бирок үч учак кемесининин аракетке келтирилип жатканы биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындай иш-чара акыркы жолу 2007-жылы Гуам аралында өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!