14-ноябрь: Дүйнө кабарларына баяндама

14-ноябрь: Дүйнө кабарларына баяндама
14-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:47

Ирактын Билим берүү министрлиги орус тилин мектептердеги сабактардын катарына киргизди. Предметтерге испан тилин да кошумчалашты.

400 адамдын өмүрүн алган Ирандын батышындагы жер титирөөдөн 12 миң үй урандыга айланганын өлкөнүн Кызыл жарым ай коомунун куткаруу жана издөөө бөлүмүнүн жетекчиси Мортеза Салими билдирди.


Европа биримдигинин (ЕБ) 23 мүчө мамлекети коргоо тармагында кызматташтыкты туруктуу абалга келтирүүнү көздөгөн Туруктуу кызматташтык боюнча орток билдирүүгө кол койду.

Аталган документ ЕБге мүчө мамлекеттердин коопсуздук жана коргоо тармагында биргеликте иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзөөрү белгиленди.

Бразилияда Конституцияга бойдон алдырууга толугу менен тыю салган өзгөртүү киргизүүгө каршы миңдеген аялдар нааразычылык акциясына чыкты.

Өткөн жумада депутаттардан турган атайын комиссия мындай өзгөртүүнү туура деп тапкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!